Пайдалуу макалалар / Кантип мейманкана, гостиница же пансионатты ижарага берүү боюнча жарыя түзсө болот?

Нускама: MEIMAN платформасында "мейманкана, конок үйү, эс алуу базасы" сыяктуу объектти кантип түзүү керек


1. Даярдык

Баштаар алдында төмөнкүлөр даяр болушу керек:

  • Объекттин аталышы.

  • Жылдыз даражасы (эгер бар болсо).

  • Так дарек (регион, шаар, көчө, үй номери).

  • Кеминде 5 даана жогорку сапаттагы сүрөт.

  • Ыңгайлуулуктар, жашоо эрежелери жана брондоо шарттары тууралуу маалымат.

  • Кызматташтык формасы боюнча маалыматтар (ЖК үчүн — толук аты-жөнү, ИНН, катталган дареги; ЮЛ үчүн — банктын реквизиттери жана юридикалык маалыматтар).


2. Профилди ачуу жана объект түзүүнү баштоо

Компьютерден киргенде:

  1. MEIMAN сайтына кириңиз.

  2. Оң жактагы жогорку бурчтан профилиңиздин иконкасын басыңыз.

Телефон/Колдонмодон киргенде:

  1. Оң жактагы төмөнкү бурчтан профилди басыңыз.

  2. Чыккан терезеден "Режимди алмаштыруу" баскычын тандаңыз.

  3. Арендодатель режимине өтүңүз.

  4. "Менин объекттерим" бөлүмүнө кириңиз.


3. Жаңы объект түзүү

  1. Менин объекттерим бөлүмүндө жогорку оң жактан Плюс (+) белгини басыңыз.

  2. Кыскача MEIMAN долбоору тууралуу маалымат чыгат — "Улантуу" баскычын басыңыз.

  3. Объекттин түрүн тандаңыз:
    — Мейманкана,
    — Конок үйү,
    — Пансионат,
    — Эс алуу базасы (жеке батирлер же квартиралыр ЭМЕС).

  4. Төмөнкүлөрдү толтуруңуз:

    • Объекттин аталышы.

    • Жылдыздардын даражасы (1*, 2*, 3*, 4* ж.б.).

  5. "Улантуу" баскычын басыңыз.


4. Дарек маалыматтарын киргизүү

  1. Регионду, шаарды, көчөнү жана үй номерин тандаңыз.

  2. Картада объектиңиздин ордун тактаңыз.

  3. "Улантуу" баскычын басыңыз.


5. Сүрөттөрдү жүктөө

  • Кеминде 5 даана сапаттуу сүрөт жүктөө керек.

  • Сүрөттөр канча көп болсо, объект ошончолук жакшы көрсөтүлөт.

  • "Улантуу" баскычын басыңыз.


6. Объект жөнүндө маалымат толтуруу

  1. Объекттин сүрөттөлүшү:
    Объектиңиздин өзгөчөлүктөрүн жана эмнеси менен өзгөчөлүү экенин жазыңыз.

  2. Ыңгайлуулуктарды тандоо:
    Төмөнкү категориялардан ыңгайлуулуктарды белгилеңиз:

    • Негизги шарттар (Wi-Fi, кондиционер, тазалоо ж.б.).

    • Жайлуулук жана көңүл ачуулар (кинотеатр, оюн автоматтары).

    • Үй-бүлөгө ылайыктуу шарттар (балдар үчүн китептер, бешиктер ж.б.).

  3. Тамак-аш:

    • Тамак-аш кызматтары бар/жок экенин көрсөтүңүз.

    • Таңкы, түшкү, кечки тамактар барбы жана бекерби же төлөнөбү.

    • Эгер акы төлөнсө, баасын көрсөтүңүз.

  4. Парковка:

    • Парковка барбы же жокпу көрсөтүңүз.

    • Акысыз же акы төлөнүүчү экенин тактаңыз.

    • Кошумча шарттарды да жазыңыз.


7. Жашоо эрежелерин коюу

  • Келүү жана кетүү убактысын көрсөтүңүз.

  • Гибкий же так убакыт экенин тандаңыз.

  • Уруксат берилеби:

    • Тамеки тартууга.

    • Кечелер уюштурууга.

    • Жаныбарлар жана балдар менен келүүгө.


8. Брондоо эрежелерин коюу

  • Минималдуу ижара мөөнөтүн көрсөтүңүз (күн менен).

  • Брондоо ыкмасын тандаңыз:

    • Тастыктоо менен брондоо.

    • Дарак брондоо (автоматтык).

  • Алдын ала төлөм өлчөмүн белгилеңиз:

    • Минималдуу 10%, максималдуу 100%.

  • Брондоону жокко чыгаруу эрежелерин белгилеңиз.


9. Келүү үчүн даярдык

  • Келүү качан башталат:

    • Дароо жарыяланган соң.

    • Белгиленген дата боюнча.


10. Кызматташуу формасын тандоо

  • Формат:

    • Стандарт

    • Бизнес

  • Андан соң:

    • Жеке адамдар үчүн: ФИО, ИНН жана катталган дарек.

    • Юридикалык адамдар үчүн: юр. маалыматтар жана банк реквизиттери.


11. Объектини жарыялоо

  1. "Далее" басыңыз.

  2. Андан соң "Жариялоо" баскычын басыңыз.

  3. Объект модерациядан өтөт (адатта 1 саат ичинде).

  4. Модерациядан кийин объект сайтта көрүнөт.


12. Номерлерди же орундарды кошуу

  1. Дагы "Менин объекттерим" бөлүмүнө кириңиз.

  2. Объектиңизди ачып, "Жайгаштыруу варианттары" бөлүмүнө өтүңүз.

  3. Плюс (+) белгини басыңыз.

  4. Тандаңыз:

    • Номер же Орун (койко-место).


13. Номер тууралуу маалымат киргизүү

  1. Төмөнкүлөрдү жазыңыз:

    • Номердин аты («Стандарт», «Люкс», «Жарым люкс» ж.б.).

    • Номер категориясы:

      • Бир орундуу.

      • Эки орундуу (бир керебет же эки өзүнчө керебет).

      • Үч орундуу, үй-бүлөлүк, президенттик ж.б.

  2. Көрсөтүңүз:

    • Чоң кишилердин саны.

    • Балдардын саны.

    • Керебеттердин саны.

  3. Номердин өзүнө тиешелүү 5 даана сүрөт жүктөңүз.

  4. Киргизиңиз:

    • Болжолдуу аянты (м²).

    • Номердин кеңири сүрөттөлүшү.

    • Номердин ички аты (бул ат гана ээсине көрүнөт).

  5. Номердеги ыңгайлуулуктарды тандаңыз.


14. Тариф жана бааны коюу

  1. Номер үчүн тарифти тандаңыз.

  2. Бир сутканын баасын коюңуз.

  3. "Улантуу", андан кийин "Жариялоо" басыңыз.


Эскертүү

  • Ар бир объект жана ар бир номер үчүн кеминде 5 сүрөт талап кылынат.

  • Бардык талааларды толугу менен жана так толтуруңуз — бул брондоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.