Турак жайдын өкүлүОрточо жооп берүү убактысы - 3 мүнөт
Караколдогу A-Frame үйү
Тоодо жайлуу эс алуу үчүн заманбап A-frame үйү. Стилдуу үч бурчтуу дизайн, ичи жылуу жана жайлуу. Тынчтыкты жана жагымдуу атмосфераны каалаган жубайлар, үй-бүлө же чакан компания үчүн, мейманкананын ызы-чуусунан алыс эс алууга эң сонун вариант.
Үйдө жашоо үчүн бардык керектүү нерселер бар: уктоочу жайлар, эс алуу зонасы, ашкана, жуунучу бөлмө. Жыл бою эс алууга ылайыктуу. Ыңгайлуу жайгашкан — шаарга жана Каракол лыжа базасына жакын.
Жалгыздыкты, ыңгайлуулукту жана тоо маанайын ашыкча пафоссуз каалагандар үчүн жакшы тандоо.